Казакстан Кыргызстанга эки миң тонна дизель берди

Казакстан Кыргызстанга гуманитардык жардам катары эки миң тонна дизель берди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, мындай жардам Бишкек Жылуулук электр борборундагы буга чейинки авариялык кырдаалдын кесепеттерин жоюу иштерине колдоо көрсөтүү үчүн жөнөтүлдү.

 

Жүктүн 1 миң тоннасы бүгүн Бишкекке келип түштү. Калган дизелдик отун жакында келет, — деп айтылат маалыматта.