Кыргызстанда үрөндөрдү химиялык жол менен дарылоо иштери башталды

Кыргызстанда үрөндөрдү химиялык жол менен дарылоо иштери башталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, республиканын аймагында кылкандуу дан эгиндеринин чаңчыл жана катуу кара көсө илдеттери дээрлик бардык облустарда кездешет. Айрыкча илдет Ысык-Көл, Талас, Чүй жана Нарын облустарында көп тараган. Илдет үрөн аркылуу жугат.

«Үрөндөрду раксил, теназол (6 % к.с. тебуконазол) н.р. — 0,5 л/т; теназол ультра (12 % к.с. тебуконазол) н.р. 0,2-0,25 л/т препараттары менен дарылоо сунушталган», — деп айтылат маалыматта.

 

Белгиленгендей, 2024-жылы жаздык кылкандуу дан эгиндеринин себиле турган үрөнү 67,2 миң тоннаны түзөт, бул үчүн 31,91 тонна химиялык каражаттар керектелет. Бүгүнкү күнгө карата республика боюнча жеке фирмалар аркылуу 21,7 тонна химиялык каражат ташылып келинди, же камсыздоо – 68%ды түздү.