Азамат Карагулов Кыргызстандын Кувейттеги элчиси кызматынан бошотулду

Азамат Карагулов Кыргызстандын Кувейттеги элчиси кызматынан бошотулду, деп билдирет президенттин маалымат кызматы.   «Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык Карагулов Азамат Омарбаевич Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду, — деп айтылат маалыматта.

Бишкектин аймагында май куюу станцияларын курууга жер тилкесин бөлүп берүүгө тыюу салган мораторийдин мөөнөтү дагы  10 жылга узартылды

Бишкектин аймагында май куюу станцияларын курууга жер тилкесин бөлүп берүүгө тыюу салган мораторийдин мөөнөтү дагы  10 жылга узартылды.   Чечимди шаардык кеңеш кабыл алды. 2013-жылы Токомбаев/Масалиев, Садырбаев, Толстой, Фучик, Курманжан Датка, 7-апрель көчөлөрүн жана Жибек Жолу проспектин бириктирген бөлүктө май куюу станцияларын курууга тыюу салынган.… Кененирээк…

Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Кыргызстанда 100 ири объекттин ачылышы күтүлүүдө

Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Кыргызстанда 100 ири объекттин ачылышы күтүлүүдө.   Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдиргендей, арасында Чүй облусундагы цемент заводу, электр станциялары жана башка долбоорлор бар.   Алардын баасы 10 миллион доллардан 500 миллионго чейин.   Андан тышкары, Камбар-Ата-1 ГЭСинин… Кененирээк…

Баткен жана Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-апрелде өтөт

Баткен жана Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-апрелде өтөт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.   Буга чейин аталган аймактардан парламентке шайланган депутаттар Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиев Боршайкомго өз ыктыяры менен мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктарын токтотууга арыз… Кененирээк…