Кыргызстанда жалпысынан 50дөн ашык айыл жана конуш газдаштырылды

Кыргызстанда жалпысынан 50дөн ашык айыл жана конуш газдаштырылды. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

 

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө 53 миңден ашуун үй, же 270 миңдей адам газга туташуу мүмкүнчүлүгүн алды.

 

Буга чейин конуштардагы 29 миң үй гана газ системасына туташкан.