Бишкекте автобустар үчүн газ куюучу станция ачылды

Бишкекте автобустар үчүн газ куюучу жай ачылды. Муниципалитеттен кабарлашкандай, объект «Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасынын» автобазасында жайгашкан.

 

Станциянын күнүнө 100 автобуска газ толтурууга кубаты жетет. Жакында кубаттулук дагы көбөйтүлөт.

 

Белгилеп кетсек, учурда шаарда 600дөн ашуун жаңы автобус иштеп жатат. Ушул айдын аягында Кытайдан дагы 500 транспорт келет. Муну менен шаар боюнча каттаган микроавтобустар толугу менен автобустарга алмаштырылат.