Дүйнөдөгү эң кары аял 117 жашын белгиледи

Дүйнөдөгү эң кары аял эсептелген испаниялык Мария Браньяс Морера 117 жашын белгиледи. Ал 1907-жылы 4-мартта Американын Сан-Франциско шаарында төрөлгөн.

 

Рекордчу акыркы 23 жылдан бери Каталониядагы карылар үйүндө жашайт. Мариянын начар укканын эске албаганда ден соолугунда эч кандай көйгөй жок.

 

Ал жакында узак жашоонун сырын билүүгө аракет кылып жаткан изилдөөчүлөр тарабынан илимий сыноодон өтөт.