Кыргызстанда ветеринардык жана санитардык нормаларга туура келбеген  20 касапкана жабылды

Кыргызстанда ветеринардык жана санитардык нормаларга туура келбеген  20 касапкана жабылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин алдындагы Ветеринардык кызматтын директору Улугбек Кожобергенов билдирди.

 

Анын айтымында, жалпысынан өлкө аймагында 101 касапкана каттоодон өткөн.

 

Аларды текшерүү жана көзөмөлдөө иштери декабрдан январга чейин жүргүзүлдү. Рейддин жыйынтыгында талаптарга жооп бербегендерин жабуу чечими кабыл алынды. Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында пландык текшерүүлөр улантылат, — деди Кожобергенов.