Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо жүрүүдө

Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо жүрүүдө. Анын тартиби боюча Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева айтып берет.   “29-февралда жалпы республикалык тестке каттоо башталды. 4-апрелге чейин өтөт. Каттоо онлайн режимде жүрүп жатат. Онлайн деген эмнени түшүндүрөт? Система аркылуу кирип катталышат абитуриенттер, кагаз… Кененирээк…

Бишкектеги №47 колониянын ордунда “Мурас” турак-жай комплексинин курулушу уланууда

Бишкектеги №47 колониянын ордунда “Мурас” турак-жай комплексинин курулушу уланууда. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын маалыматына ылайык, учурда 39 блоктон турган объект тургузулуп жатат.   Быйыл 18 кабаттуу 11 үйдүн курулушу аяктайт деп пландалууда.   Комплексте 5 миң батир болот. Өзүнчө жылуулук системасы, бала бакча, спорт аянттары, унаа… Кененирээк…

Президент Садыр Жапаров талаштуу ЖМК долбоорун артка кайтарды

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору артка кайтарып алынды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 13-мартта Фейсбуктагы баракчасына жазды.   “Буга чейин мамлекет башчысы өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрүп, анда кызуу талкууланган… Кененирээк…

Кыргызстандын экономикасы олуттуу түрдө өскөнү белгиленди

Ушул жылдын январь жана февраль айларында Кыргызстандын экономикасы олуттуу түрдө өстү. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, бул аралыкта өлкөнүн ички дүң продукциясы 155,5 миллиард сомго жеткен.   Мындай көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,5 пайызга жогору. Белгиленгендей, ИДПнын өсүшүнө өлкөнүн өнөр жай тармагы салым… Кененирээк…

Бишкектин Ала-Тоо аянтына 100 метрлик флагшток орнотуу пландалууда

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Бишкектин Ала-Тоо аянтына 100 метрлик флагшток орнотуу пландалууда. Бул тууралуу ордо калаанын башкы архитектору Урмат Карыбаев билдирди.   Ал белгилегендей, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына карата желектин узундугу 33 метрди түзөт.

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 280 млн долларга жетти

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 2023-жылдын аягына карата 6 млрд 280 млн долларга жетти. Каржы министрлигинин маалыматына караганда, анын 4 млрд 652 млн доллары тышкы карыз, калганы ички бересе.   Кыргызстан эң көп сумманы Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына төлөшү керек. Андан кийинки орунда Азия өнүктүрүү банкы, Эл аралык… Кененирээк…

Стамбул аэропортунда терапевт иттер иштей баштады

Стамбул аэропортунда терапевт иттер иштей баштады. Алардын негизги милдети – учуудан корккон жүргүнчүлөрдү тынчтандыруу.   Пилоттук долбоорго атайын үйрөтүлгөн беш ит катышты. Учурда дагы бир нече күчүк машыгуудан өтүүдө.   Терапевт жаныбарларды дүйнөнүн башка аэропортторунан кезиктирсе болот. Маселен, АКШ менен Канаданын аба майдандарында иттер гана… Кененирээк…

Жалал-Абад шаарында таш майдалоочу завод ачылды

Жалал-Абад шаарында муниципалдык таш майдалоочу завод ишке кирди. Мэриядан билдиришкендей, ишкана шаарды өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд сомдун эсебинен каржыланган.   Учурда таш майдалоочу заводдо асфальт заводго керектүү таштарды майдалап даярдоо иши жүрүп жатат.

Кадамжайда 54 турак үй сел коркунучунан корголот

Кадамжайда 54 турак үй сел коркунучунан корголот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, учурда Кадамжай районунун Орозбеков айыл өкмөтүнүн Күлдү айылындагы сайда механикалык тазалоо жумуштары башталды.   Тазалоо иштерине ӨКМден бульдозер тартылып, учурда иш уланууда. Жыйынтыгында Күлдү айылындагы 54 турак жана 600… Кененирээк…

Масыда заманбап этномузей жана китепкана курулат

Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Масы айылында заманбап этномузей жана китепкана курулат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.   Долбоорлорду быйыл ишке ашыруу пландалууда.