Мектептерде сабак учурунда телефон колдонууга тыюу салынышы мүмкүн

Мектептерде сабак учурунда телефон колдонууга тыюу салынышы мүмкүн.

 

Президент Садыр Жапаров Билим берүү министрлигине мектептерде телефон колдонууга тыюу салган эл аралык практикага көңүл бурууну тапшырды.

 

Өлкө башчы белгилегендей, смартфондор окуучунун билим алуусуна терс таасирин тийгизүүдө. Андыктан, ата-энелери менен биргеликте туура чечим кабыл алуу керектиги айтылды.