Республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору

Республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору.

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кар массалары Бишкек – Ош, Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу, Бишкек – Нарын – Торугарт, Ала-Бука – Каныш-Кыя жана Красная Горка – Ак-Таш унаа жолдорунда түшүшү мүмкүн.

 

Бул каттамдар менен сапарга чыгууну пландап жаткан айдоочуларга 500 метрлик коопсуз аралыкты сактоо сунушталат.