Жалпы республикалык тестирлөөгө катталуу үчүн документтер топтому керектелет. Тизме

Жалпы республикалык тестирлөөгө катталуу үчүн документтер топтому керектелет. Ал тууралуу кененирээк Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева айтып берет.

 

Абитуриенттин колунда паспорту болушу керек, мурдагы жылдын бүтүрүүчүлөрүндө аттестат болушу керек орто билими жөнүндө же орто кесиптик жөнүндө диплом. Каттоо төлөмүн төлөшү керек. Быйылкы жылы былтыркыдай эле 470 сомду түзөт ар бир тест үчүн. Андан тышкары, мамлекеттик тил боюнча милдеттүү тест үчүн 200 сомду түзөт. ушул төлөмдү төлөшү керек   

 

 Белгилеп кетсек, жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 4-апрелге чейин созулат.