Бельгияда айрым туткундар жазаны аралыктан өткөрсө болот

Бельгияда айрым туткундар жазаны аралыктан өткөрсө болот.

 

Аларга бир ай түрмөдө, бир ай үй камагында болуу сунушталат. Мындай чечимди бийлик абактар ашыра жүктөлгөндүктөн кабыл алды. Учурда 10 миң орунга 12 миң туткун туура келет.

 

Бул абалды эксперттер жаңы саясат менен түшүндүрүүдө, ага ылайык, майда тартип бузуулар үчүн дагы жаза күчөтүлдү. Жаңычылдык оор кылмыштар менен соттолгондорго жана 10 жылдан ашык мөөнөткө эркинен ажыратылгандарга тиешелүү эмес.