Айрым ашууларда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Аба ырайына байланыштуу «Сосновка», «Арал» постторунда жана Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди.   Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, мындай чара жол кырсыктарын алдын алууга багытталган.   Чектөөлөр качан алынары тууралуу кошумча маалымат берилет.

Ош бир мандаттуу шайлоо округунан депутатты шайлоо 28-апрелде өтөт

№7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-апрелде өтөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.   Шайлоону уюштуруу жана өткөрүү Борбордук шайлоо комиссиясына жүктөлдү. Министрлер кабинети каражат бөлүп берет.   Эске салсак, №2 Баткен жана №9 Кара-Суу бир… Кененирээк…

«Манас» эл аралык аэропортунда жаңы VIP-зал курулууда

“Манас” эл аралык аэропортунда жаңы VIP-зал курулууда. Бул тууралуу аталган аба майдандан билдиришти.   Маалыматка ылайык, VIP-зал заманбап бардык шарттары, стерилдик зонасы жана жаңы жабдуулар менен камтылып, “Манас 2” имаратынын 2-кабатында орун алат.   Ал эми азыркы иштеп жаткан VIP-зал жергиликтүү каттамдар аткарылып жаткан имарат… Кененирээк…

Эмгек министринин биринчи орун басары дайындалды

Жыпариса Рысбекова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге Акылбек Жапаров кол койду.