Айрым ашууларда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Аба ырайына байланыштуу «Сосновка», «Арал» постторунда жана Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди.

 

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, мындай чара жол кырсыктарын алдын алууга багытталган.

 

Чектөөлөр качан алынары тууралуу кошумча маалымат берилет.