Таластын «Ынтымак» жана Оштун «Достук» командалары Бишкекте көк бөрү боюнча өтүп жаткан Нооруз-2024 республикалык мелдешинин финалына чыкты. Бүгүн «Ак кула» ат майданында мелдештин Жогорку лигасынын жарым финалдык оюндары өттү.
Финалдык беттеш 21-мартта болот.
Республикалык иш-чарага 40 команда катышууда. Алар төрт лигага бөлүнүп ойнойт.