Бардык абитуриенттер кыргыз тили боюнча тест тапшырууга милдеттендирилди

Бардык абитуриенттер кыргыз тили боюнча тест тапшырууга милдеттендирилди. Ал жалпы республикалык тестирлөөнүн алкагында өткөрүлө турганын Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева билдирди.

 

“Тестке кошумча болуп, милдеттүү тест кыргыз тили боюнча кирип жатат. Бул Билим берүү министрлигинин буйругу боюнча киргизилген иш чара. Тесттин жыйынтыгы мисалы үчүн ал негизги жана предметтик тестти тапшырып, милдеттүү тестти тапшырбай койсо, анда жыйынтыктар берилбей калат. Бирок бул тесттин жыйынтыгы кабыл алуу жараянына таасир этпейт”

 

Эске салсак, кыргыз тили боюнча милдеттүү тесттин баасы 200 сомду түзөт.