Бишкек мэриясы айрым ыйгарым укуктарды калаа башчыга өткөрүп берүү маселесин шаардык кеңешке сунуштады

Бишкек мэриясы айрым ыйгарым укуктарды калаа башчыга өткөрүп берүү маселесин шаардык кеңешке сунуштады. Пилоттук режимдеги административдик-аймактык реформанын алкагында мэр ордо калаанын бюджетин, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө жана жол киреге тарифтерди бекитет. Мындай укукка мэр административдик реформанын жыйынтыгы мыйзамдуу чыкканга чейин ээ болору күтүлүүдө.

 

Эске салсак, өзгөртүүлөрдүн алкагында Чүй облусунун Аламүдүн жана Сокулук райондорунун айрым калктуу конуштары Бишкек шаарынын курамына киргизилет.