Кыргызстанда май айында электр энергиясына тариф кымбаттайт

Кыргызстанда май айында электр энергиясына тариф кымбаттайт. Тиешелүү токтом долбоорун министрлер кабинети коомдук талкууга чыгарды.   2021-жылы өкмөт тарабынан кабыл алынган документке ылайык, 2025-жылга чейин жыл сайын инфляция деңгээлине жараша бардык абоненттер үчүн тариф кайра каралат.   Быйыл  тарифтик саясат 1-июнда өзгөртүлмөк. Ал эми жаңы… Кененирээк…

Жалал-Абадда жаңы базар курулат

Жалал-Абадда жаңы базар курулат. Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, долбоордук-сметалык документацияны даярдоого сынак жарыяланды. Бул максатта 20 миллион сом багытталат.   Муниципалдык ачык базар “Телтору” ипподромунун аймагында орун алат. Андан тышкары, Жалал-Абад шаарындагы “Курманбек” стадионун 48 миллион сомго оңдоо, Абдырахманов көчөсүн калыбына келтирүү иштери… Кененирээк…

Бишкекте жол кыймылынын эрежесин бузган 4 автобустун айдоочусу иштен алынды

«Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасы жол кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында иш алып барууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, ишкананын ички комиссиясынын чечиминин негизинде жол эрежесин одоно бузган 4 автобустун айдоочусу иштен алынып, 2 айдоочу 50% сый акысынан, 8 айдоочу 100% сый акысынан ажыратылды. Белгилей кетсек,… Кененирээк…

Бишкек мэриясы Ноорузга карата майрамдык программа даярдады

Бишкек мэриясы Ноорузга карата майрамдык программа даярдады. Ири иш-чаралар быйыл 20-марттан 22-мартка чейин өтөт. Ала-Тоо аянты улуттук стилде жасалгаланды.   Шаар тургундары үчүн көргөзмөлөр, чеберчилик-класстар, спорт оюндары жана улуттук тамак-аш, суусундуктар менен тамактануу аянттары уюштурулат. Андан тышкары, 21-мартта эстрада ырчыларынын катышуусунда концерт тартууланат.

Талас облусунда жаңы мектептин курулушу аяктоодо

Талас облусунда жаңы мектептин курулушу аяктоодо. “Турмуш” басылмасы жазгандай, билим берүү мекемеси Бакай-Ата районунун Ынтымак айылында жайгашат. Имарат 375 орунга чакталат. Курулушка дээрлик 100 миллион сом жумшалды.   Каражат мамлекеттик бюджеттен которулган. Мектеп жакынкы арада колдонууга берилет деп  пландалууда.

Өлкө боюнча жалпы республикалык тестирлөөгө карата 120га жакын борбор ачылат

Өлкө боюнча жалпы республикалык тестирлөөгө карата 120га жакын борбор ачылат. Бул тууралуу кененирээк Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева айтып берет.   «Республика боюнча адатта 120га чукул тест борбору ачылат. Бул катталган адамдардын санына жараша болот. Мисалы, бардыгы катталып, онлайн система жабылгандан… Кененирээк…

“Дюна. Экинчи бөлүк” тасмасы дүйнөлүк прокатта 3 жумада эле 500 миллион доллар чогултту

“Дюна. Экинчи бөлүк” тасмасы дүйнөлүк прокатта 3 жумада эле 500 миллион доллар чогултту.   Кино биринчи бөлүктүн кассасынан ашып өттү. Анда 400 миллион чогулган. “Дюнанын” эки бөлүгү тең америкалык жазуучу Фрэнк Герберттин романынын негизинде тартылган.   Башкы ролдорду  Тимоти Шаламе, Зендея, Ребекка Фергюсон жана башкалар… Кененирээк…

Бишкекте борбордук көчөлөр Ноорузга карата тосулууда

Бишкекте борбордук көчөлөр Ноорузга карата тосулууда. Мэриядан билдиришкендей, чектөөлөр 18-марттан тарта киргизилип баштады.   23-мартка чейин кечки саат 10дон түн жарымга чейин Чүй проспектисинин Панфилов – Эркиндик тилкеси, Раззаков көчөсүнүн Абдымомунов көчөсүнөн Чүй проспектине чейинки бөлүгү, Орозбеков көчөсүнүн Абдымомунов – Чүй тилкеси тосулат.   Айдоочуларга… Кененирээк…

Сокулук районунун тургундары ден-соолугун акысыз текшерте алат

Сокулук районунун тургундары ден-соолугун акысыз текшерте алат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Чүй облусунун аталган аймагында көчмө диагностикалык комлекс иштеп жатат.   Анын курамында дарыгерлер, анализ тапшырууга лаборатория, компьютердик томография, операциялык блок, рентген аппарат жана башкалар бар. Комплекс Сокулук районунда 3 ай иш алып барып,… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунда энерго объектилерди кийинки күзгү-кышкы сезонго даярдоо өнөктүгү башталды

Ысык-Көл облусунда энерго объектилерди кийинки күзгү-кышкы сезонго даярдоо өнөктүгү башталды.   Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл аймакта 300дөй трансформатор подстанциясын жана 400 чакырымдан ашык электр өткөрүү линияларын калыбына келтирүү пландалууда.   Андан тышкары, кошумча 12 транспорформатор орнотулуп, 51 чакырым чубалгы жаңыртылат. 1 миңден ашык жыгач… Кененирээк…