Бирдиктүү салык декларациясын 370 миңден ашуун адам тапшырды. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, алардын көбү документтерди электрондук түрдө толтурушкан.
Эске салсак, уюмдар жана мамлекеттик кызматкерлер 1-апрелге чейин салык декларациясын тапшырышы керек. Жеке жактар жана ишкерлер 1-майга чейин өткөн жылдагы кирешелери тууралуу маалымат бериши зарыл.