Прокурор Мадумаровду күнөөлүү деп таап, жазадан бошотууну сураганы маалымдалды

Бүгүн, 19-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун иши боюнча соттук отурумда тараптардын жарыш сөзү башталды.

 

Бул тууралуу саясатчынын адвокаты Кубанычбек Тумановго таянып, «Азаттык» жазды. Маалыматка ылайык, прокурор соттон Адахан Мадумаровду коюлган айып боюнча күнөөлүү деп таап, бирок кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткендиктен ишти кыскартууну суранганын айтты. Мамлекеттик айыптоочулар азырынча комментарий бере элек.

 

“Биз кылмыш ишинин мөөнөтү эскиргенин башынан эле айтып келатабыз. Сотто биз да жарыш сөздү баштадык. Кийинки жумада сот уланат. Адвокаттар жана Адахан Кимсанбаевич жарыш сөздү айтып бүтсө, акыркы сөз берилет. Биз Адахан Кимсанбаевич соттун өкүмү менен акталат деп ишенебиз”, — деди ал.

 

Мадумаровго эки кылмыш иши козголуп, бир өндүрүшкө бириктирилген.