«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруунун кийинки этабы башталды

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруунун кийинки этабы башталды. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы билдирди.

 

Маалыматка ылайык, компаниянын башкы директору Азамат Сакиев менен «Кытай темир жолу» корпорациясынын директорунун орун басары Ванг Тунцзен жетектеген делегациялар Жалла-Абадда жолугушту. Алар «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун долбоору боюнча мурда иштелип чыккан техникалык-экономикалык негиздемеге кошумча маалыматтарды жеринде такташты.

 

Эске салсак, буга чейин Садыр Жапаров темир жолдун курулушу быйыл башталарын билдирген.