Бишкектин Абдрахманов көчөсүндө веложол үч түскө боёлду

Бишкек шаарынын Абдрахманов көчөсүнүн Киев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки аралыгындагы веложол сырдалды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, сырдоо иштери пилоттук режимде жүргүзүлүп, веложол үч түскө боёлду. Ар бир төшөлмөнүн техникалык көрсөткүчтөрү ар башка жана бааларынан да айырмаланат;

-кварц кум менен аралаштырылган жашыл полимер боёгу;
-үстүнкү катмары керамика гранулдары менен сары полиуретан суюк клей;
-кошулмасы полиуретан күлгүн сары боёк;

Бул үч өңдүн ичинен шаардын климаттык шартына туура келгени тандалат. Келечекте борбор калаадагы веложолдор ошол түс мененсырдалат.