Кемин районунда “Караван Сарай” комплекстүү эс алуу борборунун курулушу пландалууда

Кемин районунда “Караван Сарай” комплекстүү эс алуу борборунун курулушу пландалууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.   Долбордун эскизи иштелип чыкты.   Эс алуу борбору Кара-Булак айыл аймагында курулуп, анда туристтер үчүн тамактануу жайлар, соода борборлору, мечит, балдар аятчасы жана… Кененирээк…

Бишкек ЖЭБиндеги авариядан кийинки чыгымдын алдын ала суммасы 69 миллион 630 миң сомду түздү

Бишкек ЖЭБиндеги авариядан кийинки чыгымдын алдын ала суммасы 69 миллион 630 миң сомду түздү. Бул тууралуу жылуулук-энерго борбордун директору Алпбек Садыров билдирди.   Бул алдын ала гана маалымат, келтирилген зыяндын көлөмү дагы өсүшү мүмкүн, — деди ал.   Эске салсак, 2-февралда Бишкек ЖЭБинде болгон жарылуудан… Кененирээк…

Бишкекте чоң жүк ташуучу унаалардын айдоочулары митингге чыкты

Бишкектин батыш тарабында, Түштүк магистралда чоң жүк ташуучу унаалардын он чакты айдоочусу митингге чыкты. Алар жылуулук режим жол берсе шаар ичинде жүрүүгө уруксат берүүнү суранууда.   Буга чейин Бишкек мэриясы 5-апрелден 1-октябрга чейин 7:00дөн 21:00гө чейин 18 тоннадан ашкан чоң жүк ташуучу унааларга шаар ичинде… Кененирээк…

Бишкекте ысык суу качан өчүрүлөрү айтылды

Бишкекте ысык суу 22-апрелден 1-июнга чейин өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек ЖЭБдин директору Алпбек Садыров билдирди.   Ал белгилегендей, быйыл ордо калаанын ЖЭБинде жана жылуулук тармактарында пландалган масштабдуу иштерге байланыштуу ысык суу узак мөөнөткө өчүрүлөт.

Парламент бала бакчалардын тамагына бюджеттен акча бөлүү боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды

Парламент бала бакчалардын тамагына бюджеттен акча бөлүү боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды. «Билим берүү жөнүндө» мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүүнү депутаттар талкуусуз колдоду.   Документте мектепке чейинки билим берүүчү уюмдардын тамак-ашына акча мамлекеттен чегерилери жазылган.   Эске салсак, былтыр күздө Каржы министрлиги Кыргызстанда бала… Кененирээк…

Бишкекке алгачкы электробустар быйыл жайдын ортосуна чейин келет

Бишкекке алгачкы электробустар быйыл жайдын ортосуна чейин келет. Мэриянын маалыматына караганда, бул коомдук транспорттун жалпысынан 120 даанасы сатылып алынган.   Бул электр энергиясы менен иштеген ыңгайлуу автобустар болот. Сапаты троллейбустардыкындай, бирок мобилдүүрөөк.   Транспортту бир кубаттаганда 300 чакырымга жетет.

Айыл чарбасын каржылоо долбоору боюнча 656,8 млн сом насыя берилди

“Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоорунун алкагында учурда 656 млн сомдон ашык жеңилдетилген насыя берилди. Каржы министрлиги билдиргендей, каражатты 1 мин 554 айылдык товар өндүрүүчү алды.   Долбоор элеттеги товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатын көздөйт.

Ошто мыйзамсыз курулган «Манас Ата» кафеси буздурулууда

Ош шаарында мыйзамсыз курулган «Манас Ата» кафеси буздурулууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.   Белгиленгендей, Ош шаары, А.Шакиров көчөсү №152 дарегинде жайгашкан бул жер 2018-жылы мамлекеттик экспертизанын оң кортундусу менен жеке менчик турак үй курууга берилген. Кийин жердин ээси… Кененирээк…

Бишкек менен Чүйдү газдаштырууга 1 млрд сом мамлекеттик колдоо көрсөтүлөт

Бишкек менен Чүй облусун газдаштырууга бөлүнгөн насыянын көлөмү 1 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.   Маалыматка ылайык, бул жеңилдетилген насыя берүү боюнча экинчи долбоор. Аны ишке ашырууга эки коммерциялык банк катышууда.

Жалал-Абад шаарында жаңы IT борбор ачылды

Жалал-Абад шаарында жаңы IT борбор ачылды. Жергиликтүү мэриядан билдиришкендей, мында каалоочулар программалоо тилдерин жана IT тармагындагы билим берүү программаларын үйрөнө алат.   Академия өзүнө колледж, кошумча билим берүү курстарын, стажировка жана коворкинг борборун камтыйт.