Кыргызстанда жыл башынан бери эки мектеп жана эки оорукана пайдаланууга берилди

Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев бүгүн Бишкекте өткөн брифингде 2024-жылы канча социалдык объект пайдаланууга берилгендиги тууралуу айтып берди.

 

Анын маалыматына таянсак, жыл башынан бери өлкө боюнча эки жалпы билим берүү мектеби жана 830 орунга ылайыкташкан билим берүү уясынын кошумча имараты колдонууга берилди.

 

«Ошондой эле Баткен облусунда 380 жана Талас облусунда 450 орундуу мектептердин курулушу аяктады», — деди ал.

Андан тышкары, төраганын орун басары эки ооруканага пайдаланууга берилгендигин айтты — Баткен облусунда (18 орундуу) жана Жалал-Абад облусунда (20 орундуу).