“Социалдык келишим” долбоорунун алкагында быйыл 20 миң үй-бүлө мамлекет тарабынан 100 миң сомдон алат

“Социалдык келишим” долбоорунун алкагында быйыл 20 миң үй-бүлө мамлекет тарабынан 100 миң сомдон алат.

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, социалдык паспорту бар же “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр социалдык контракт түзө алышат. Үй-бүлөдө эмгек жана мүлк потенциалы болушу керек, ошондой эле реалдуу бизнес-план түзүлүшү керек.

 

Келишим түзүүдө 3 же андан көп балалуу же ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөргө артыкчылык берилет.