Түрк бийлиги мигранттарды каттоо боюнча жаңы эреже киргизди

Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу тараткан маалыматка караганда, 15-апрелден тарта Түркиянын миграция кызматы туруктуу жашоого уруксатын узартууну каалаган чет өлкөлүктөрдөн кошумча документ талап кылат.

 

Жаңы эрежеге ылайык, эми мигранттар Улуттук электрондук билдирүү системасында дарегин жана өзү тууралуу толук маалыматтарды билдирүүгө милдеттүү.

Соңку айларда түрк полициясы мыйзамсыз жүргөн чет элдиктерди тыкыр текшерип жатканын кабарлап келет. Ички иштер министри Али Йерликая былтыр виза мөөнөтү аяктаган же виза эрежесин бузган 371 миңден ашуун чет элдик жаран өлкөдөн чыгарылганын кабарлаган. Мыйзамсыз жүргөн 254 миң чет өлкөлүк кармалганын белгилеп, бирок алар кайсы өлкөнүн жарандары экенин ачык айткан эмес.

Кыргызстандыктар үчүн Түркиядан эмгек визасын ачтыруунун эки жолу бар. Биринчиси — Түркиянын Бишкектеги элчилигине документтерин тапшырып, алар уруксат бергенде келсе болот. Экинчиси — Түркиянын ичинде кеминде алты айлык туристтик визасы бар кыргызстандыктар эмгек визасына тапшырса болот. Түркияда кыргыз жарандарына 90 күн визасыз жүрүүгө уруксат берилген.

Түркиянын Статистика комитетинин маалыматы боюнча бул өлкөдө 25 миңдей кыргызстандык жашап, иштейт.