Өлкөдө орточо айлык акы 33 миң 512 сомду түздү

Кыргызстанда ушул жылдын январь-февраль айларында орточо айлык 33 миң 512 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев билдирди.   Анын айтымында, бул өткөн жылдын январь-февраль айларына салыштырмалуу 11,6%га өскөнүнөн кабар берет.   Ал белгилегендей, эң олуттуу өсүш дүң жана чекене… Кененирээк…

Бүгүн Бишкекте күрөш боюнча Азия чемпионаты башталат

Бүгүн Бишкекте эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионаты башталат. Ага Азиянын 30дан ашык мамлекети катышат.   Ал эми Кыргызстандын намысын Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Тайырбек Жумашбек уулу жана Алмазбек Сманбеков сыяктуу атактуу балбандар коргойт.

Кыргызстандын түштүгүндө бир нече ирет жер титиреди

Кечээ Кыргызстанда үч ирет жер силкинди, кыргыз-тажик чек арасына жакын жерде дагы бир жер титирөө катталды. Сейсмология институтунан маалымдашкандай, биринчи жер титирөө саат 08:36да катталып, анын күчү очогунда 3 баллга жакын болгон. Табигый кырсык Кыргызстандын аймагында, тактап айтканда Тоскоол айылынан түндүк-батышка карай 8 чакырым, Майлуу-Суу… Кененирээк…

Бишкектеги жаңы автобекеттен үч багыт боюнча маршруттук каттам ачылды

Бишкектеги жаңы автобекеттен үч багыт боюнча маршруттук каттам ачылды. “Бишкек автобекети” муниципалдык ишканасынан билдиришкендей, Каракол, Бостери жана Балыкчы шаарына каттоо үчүн 10 даана кичи маршруттук унаа даярдалды.   Алар күн сайын күндүзгү саат 12де жолго чыгат. Жол кире акысы 300-450 сомду түзөт, билеттерди онлайн сатып… Кененирээк…

Оштогу Папан суу сактагычына чакан ГЭС курулат

Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан Папан суу сактагычына чакан ГЭС курулат. Тиешелүү макулдашууга кытай тарап менен кол коюлганын Энергетика министрлиги билдирди.   Маалыматка ылайык, гидроэлектростанция 20-25 МВттык болот. Инвестициялык долбоордун суммасы 27 миллион долларды түзөт.

Бишкектин «Чыгыш-5» кичи районунда эки күн газ болбойт

Бүгүн жана эртең Бишкектин «Чыгыш-5» кичи районунда газ болбойт. «Бишкекгаз» кызматынан кабарлашкандай, көгүлтүр от Төрөкүл Айтматов – 7 Апрель – Чүй проспектиси – Армейский көчөлөрү менен чектелген аймакта өчүрүлөт.   Мунун себеби оңдоо иштерине байланыштуу.