Раззак Бейшекеев Бишкек шаарында өтүп жаткан Азия биринчилигинде күмүш медаль багындырды

Раззак Бейшекеев Бишкек шаарында өтүп жаткан Азия биринчилигинде күмүш медаль багындырды. Финалдык бетеште ал ирандык балбан Саед Мурад Исмаилиге 3:1 эсеби менен жеңилип калды.   Спортчу жүрүшүн 67 килограмм салмак категориясында турнирдин 1/8 стадиясынан баштап, Монголия, Казакстан, Түштүк Корея өлкөлөрүнөн келген балбандарды жеңген.

Балыкчы шаарына караштуу Көк-Мойнок-1 калктуу конушунун аймагында шамал электр станциясы курулат

Балыкчы шаарына караштуу Көк-Мойнок-1 калктуу конушунун аймагында шамал электр станциясы курулат. Маалыматка ылайык, 100 мегаваттык станцияны куруу долбоору “Росатом” компаниясы тарабынан ишке ашат.   Ушул жылдын февралында компания эксперименталдуу түрдө шамалдын кубаттуулугун текшерүүчү жабдуу орноткон. Кубаттуулукту ченөө иштери толук бир жылга, 2025-жылдын февраль айына чейин… Кененирээк…