Бишкектен Дубай жана Шарджа шаарларына аба каттамдары токтотулду

Бишкектен Дубай жана Шарджа шаарларына аба каттамдары токтотулду. Бул тууралуу “Манас” аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.   Ал эми Абу-Даби шаарына уча турган каттам кармалууда. Учуу убактысы бүгүн кечки саат 18:50гө жылдырылды. Мунун себеби Бириккен Араб Эмираттарындагы туруксуз аба ырайына, жаан-чачынга байланыштуу экени маалымдалды.

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курамасы Азия чемпионатында медалдык зачетто экинчи орунду ээледи

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курамасы Азия чемпионатында медалдык зачетто экинчи орунду ээледи. Команда 144 упай топтоду. 200 упайы менен биринчи орунду Ирандын курамасы алды, үчүнчү орунда Япония жайгашат.   Биздин кураманын капчыгында 1 алтын, 2 күмүш жана 3 коло медалдар бар. Алтынды Жоламан Шаршенбеков алса,… Кененирээк…

Караколдо көп тармактуу ипотекалык үйлөрдүн курулушу башталды

Караколдо көп тармактуу ипотекалык үйлөрдүн курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, курулушка капсула салынды.   Жалпысынан 30 гектар аянтка 3 миң батирлүү 64 үй куруу пландалууда. Кичи райондо ошондой эле 700 орундуу мектеп, 280 орундуу бала бакча жана фельдшердик-акушердик түйүн курулат.… Кененирээк…

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда социалдык шаарчанын курулушу башталды

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда социалдык шаарчанын курулушу башталды. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жергиликтүү бийлик тарабынан долбоорду ишке ашырууга жер тилкеси бөлүндү.   Жалпысынан 100 батирдин курулушу пландалды. Анын 40 батири Кең-Булуң  айылынын аз камсыздалган тургундарына берилет. Андан тышкары, социалдык шаарчанын аймагында мечит, наабайкана, дүкөн жана… Кененирээк…

Кыргызстанда TikTok ресурсун чектөө боюнча чечим кабыл алынганын Санариптик өнүктүрүү министрлигинен тастыкташты

Кыргызстанда TikTok ресурсун чектөө боюнча чечим кабыл алынганын Санариптик өнүктүрүү министрлигинен тастыкташты.   Аталган ведомство мындай кат УКМКдан келгенин билдирди. Мындай чечим чыгарууга TikTok тарабынан “Балдардын ден соолугуна, психикасына, руханий жана адеп-ахлагына зыян келтирүүнү алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө” мыйзамда каралган шарттар сакталбаганы себеп болгон.… Кененирээк…

Сибирдин эки аймагында мигранттарга таксист болуп иштөөгө тыюу салынды

Новосибирск облусунда эмгек мигранттарына таксист, ичимдик жана тамеки сатуучу болуп иштөөгө тыюу салынды. Губернатор Андрей Травниковдун 15-апрелде кол койгон жарлыгына ылайык, бул аймактарда иштеп жаткан ишканалар чет элдик жумушчуларынын санын берүүгө тийиш. Бул «улуттук коопсуздукту, Новосибирск облусунун калкынын өмүрүн жана ден соолугун камсыздоо максатында» жасалууда.… Кененирээк…

Кенелер сезону башталды

Кенелер сезону башталды. Буга байланыштуу, дарыгерлер сак болууга чакырат. Аталган курттардын активдешүүсү апрель-майда жана августтун акырында байкалат.   Адатта зоолдор Түп районунун өрөөндөрүндө, Ала-Арча жана Кегети капчыгайларында көп кездешет.   Жаратылыш койнуна чыккандар жабык кийинүүсү зарыл. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жыл сайын энцефалит кенелеринен 1… Кененирээк…

“Ош” эл аралык аэропортунда оңдоп-түзөө иштери башталды

“Ош” эл аралык аэропортунда оңдоп-түзөө иштери башталды. “Манас” эл аралык аба майданынан билдиришкендей, жумуштар жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү текшерүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүгө багытталган.   Оңдоп-түзөө иштеринин 1-этабында автоматташтырылган каттоо эсептегичтери жана жүктү жөндөөчү техникалар жаңыртылат.

Кыргызстанга январь-февраль айларында 27 миң 500 унаа импорттолду

Кыргызстанга январь-февраль айларында 27 миң 500 унаа импорттолду. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, ташылган транспорттун жалпы баасы 477 миллион долларды түзөт.   Унаалардын басымдуу бөлүгү Кытай, Түштүк Корея жана АКШдан жеткирилген. Андан тышкары тизмеде Япония, Германия, Бириккен Араб эмираттары, Грузия, Литва жана Улуу Британия бар.

Улуттук банк бир ай ичиндеги үчүнчү интервенциясын өткөрдү

Улуттук банк бир ай ичиндеги үчүнчү интервенциясын өткөрдү. Өлкөнүн башкы каржы мекемесинин маалыматына ылайык, эл аралык валюта рыногунан 19 миллион 200 миң доллар сатылып алынды.   Белгилеп кетсек, аталган каржылык операция валюта курсунун кескин серпилүүсүн алдын алууга багытталат. Бул ирет интервенция сом бекемделип, америкалык жана… Кененирээк…