25-февралдан тартып өлкө аймагында абанын табы кескин төмөндөйт.
Кыргызгидрометтен билдиришкендей, 27-февралга чейин республиканын басымдуу
аймактарында кар жаайт. Бишкекте жума жана ишемби күндөрү түнкүсүн термометр
мамычалары -18ге чейин төмөндөсө, күндүз -7 градус болот. Жаан-чачын кээ бир
аймактарда катуу жаап, туман түшүп, жолдор тайгак болот. Мындай аба-ырайы
унаа, коммуникация жана айыл-чарба иштерин кыйындатат.