3 жана андан көп балалуу үй-бүлөлөргө 3 миң сомдон берилет деген маалымат чындыкка дал келбейт

3 жана андан көп балалуу үй-бүлөлөргө 3 миң сомдон берилет деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

 

Белгилеп кетсек, жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду деген жалган маалымат интернетке тарады. Ведомство жарандарды мындай билдирүүлөрдү жайылтпоого чакырат.