Алыскы Жазы-Кечүү айылына 50 жылдан бери алгачкы жолу электр энергиясы өткөрүлөт

Алыскы Жазы-Кечүү айылына 50 жылдан бери алгачкы жолу электр энергиясы өткөрүлөт. “Жалалабадэлектродон” билдиришкендей, учурда энергетиктер мамыларды орнотуп, зымдарды тартышууда.

 

Иштерди 1-сентябрга чейин аяктоо пландалып жатат. Белгилеп кетсек, Жазы-Кечүү айылы райондун борборунан 100 чакырым алыс жайгашкан. Айылда буга чейин жарык болгон эмес. Мектепте мугалимдер тыныгууну темир коңгуроо менен кагып келишет.