ПЦР-тесттин жыйынтыгын жасалмалоо фактысы боюнча министрлер кабинети чара көрөт

ПЦР-тесттин жыйынтыгын жасалмалоо фактысы боюнча министрлер кабинети чара көрөт.

 

Буга чейин журналисттер иликтөө жүргүзүп, чет мамлекетке чыгууну каалагандарга ковидге жасалма тест маалымкаты берилип жүргөнүн аныкташты.

 

Ички иштер министрлигине бул факты жана материалдарды текшерүү, Саламаттыкты сактоо министрлигине  айрым жеке лабораториялардын ишмердүүлүгүн карап чыгуу, ал эми Мамлекеттик чек ара кызматына мындай бузууларды алдын алуу тапшырмалары берилди.

 

Ишти министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова жеке көзөмөлүнө алды.