Түркияда бет кап тагынбаган жарандарга айып салынат

Түркиянын Ички иштер министрлиги 23-июндан тарта бет кап тагынбай жүргөн жарандарга акчалай айып сала баштайт. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.

 

Анда айтылгандай, буга чейин бет кап тагынуу режимин бузгандарга эскертүү гана берилип келсе, эми 900 лира (болжол менен 9 миң 844 сом) өлчөмүндө айып салына баштайт. Мындай чечимди кабыл алууга өлкөдө акыркы аптада коронавирус жуктуруп алгандардын саны кескин түрдө көбөйүп жаткандыгы себеп болгон. Акыркы апта ичинде суткасына 1000-1500 адамдан вирус аныкталган.

 

Түркиянын 48 провинциясында, анын ичинде Анкара жана Стамбул шаарында көчөгө бет капсыз чыгууга тыюу салынган. Ал эми калган 38 провинциясында бет капты коомдук жайларда, мамлекеттик мекемелерде, соода борборлорунда жана коомдук транспортто тагынуу милдеттендирилген.