Токио шаарынын калкынын саны 14 миллиондон ашты

Япониянын борбору Токио шаарынын калкынын саны 14 миллион адамдан ашты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

 

Маалыматка ылайык, 1-майга карата Токиодо 6 миллион 880 миң эркек жана 7 миллион 120 миң аял жашай турганы аныкталган.

 

Калктын санынын көбөйүшү башка аймактардан окууга жана иш менен келгендерден сырткары, токиолук жергиликтүү тургундардын коронавирус пандемиясынан улам жашаган ордун алмаштырбаганында экендиги айтылат. Токио шаарынын калкынын саны 1962-жылы 10 миллионго жеткен. Ошол убактан бери калктын саны стабилдүү өсүштө болуп келген.