542 киши Кыргызстандын жарандыгын алат

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыктан чыгаруу жөнүндө эки жарлыкка кол койду.

Мамлекет башчынын биринчи жарлыгына ылайык, 542 адам (анын 433ү чоңдор, 109у балдар) Кыргызстандын жарандыгына кабыл алынат. Экинчи жарлыгы менен кыргыз жарандыгынан 332 адам (267си чоңдор, 65и балдар) чыгарылат.

 

Бул маалыматты президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү 17-июнда кабарлады.

 

Быйыл апрель айында да президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен 1338 адам Кыргызстандын жарандыгына кабыл алынган. Алардын басымдуу бөлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.