Оренбург облусуна Кыргызстанга кайткысы келген мигранттар чогулууда

Оренбург облусуна Кыргызстанга кайткысы келген мигранттар чогулууда. Алар бийликке аларды алып кетүүсү боюнча видео кайрылуу жарыялашты. Эске салсак, кечээ Кыргызстанга Казакстан аркылуу 541 кыргызстандык кайтып келди.

 

Алар коңшу өлкөнүн талабы менен жеке унааларын Соль-Илецк шаарында калтырып, автобустар менен жетти. Учурда Оренбург облусунда канча кыргызстандык мигрант чогулганы такталбайт.