Бишкекте бир айда эле кафе жана маршруттук таксилерге 2 миллион сомго айып салынды. Административдик чаралардын себеби – санитардык нормаларды бузуу, — дешти мэриядан.
Акимиаттын жана санэпидем көзөмөлдүн кызматкерлери кирген атайын топтор күн сайын ордо калаада рейддерди жүргүзүшүүдө. Айыптар коомдук тамактануу жайлардын ээлерине, жеке компанияладын жетекчилерине жана айдоочуларга жазылды.