Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери Швейцария жалпы суммасы 480 миллион доллардан ашык жардам көрсөттү.
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Эки өлкөнүн кызматташтыгынын активдүү фазасы 1993-жылы биздин өлкө Эл аралык валюта фондуна жана Дүйнөлүк Банкка кошулгандан кийин башталган.
Аталган мамлекет Кыргызстандын негизги донорлорунун бири.
Быйыл тараптар дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилеп жатат.