Октябрь районунун жаңы судьялары дайындалды

Президент Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү соттордун судьяларын дайындады.

Өлкө башчынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан президенттин атына Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн 10 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн.

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген материалдарды эске алуу менен президент судьялык кызматка 7 талапкер боюнча кеңештин сунуштарына макулдук берип, 3 талапкер боюнча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, судьялык кызматка бул талапкер боюнча материалдарды кайра кеңешке кайтарган.

Жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына 7 талапкер боюнча президенттин жарлыктары чыкты. Биринчи жарлык менен тандалып алынган 7 талапкер жергиликтүү соттордун судьялык кызматына дайындалды. Ал эми экинчи жарлык менен дайындалган судьялар Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна судьялык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн жиберилди.

Жаңы дайындалган судьялар:

  • Абдуллаев Болотбек Абдырахманович;
  • Архарова Кымбат Кадыровна;
  • Жаналиев Бекболот Болотбекович;
  • Жээнбекова Албина Бакеновна;
  • Жогоштиева Аида Токтосуновна;
  • Назаров Дамирбек Дүйшеевич;
  • Эсенбаев Нурлан Бердибекович.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.