Кыргызстанда бир айда дизелдик отундун баасы дээрлик 2 сомго кымбаттады.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, сентябрдын аягында
солярканын орточо баасы 51 сом 42 тыйын болсо, 1-ноябрга карата 53 сом 36 тыйынга жетти.
Бүгүнкү күндө барынан кымбат дизелдик отун Кербенде – бир литри 58 сом 69 тыйынга жана
Исфанада – 56 сом 99 тыйынга бааланат. Барынан арзан дизелдик отун
Караколдо – 52 сом 27 тыйынга барабар.