Коронавируска байланыштуу Кыргызстанга кирүү тартиби өзгөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, вирус жугузуп алгандар менен байланышта болгондор обочолонбой койсо болот.
Ошондой эле коронавируска каршы эмделгендиги тууралуу сертификаты барлар ПЦР-тест тапшырбайт. Бирок вакцина абагандар ПЦР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүүгө милдеттүү.
Учурда эмдөө алганына карабай, Кыргызстанга кирип келе жаткан ар бир адам ПЦР-тесттин таза жыйынтыгын көрсөтүшү керек. Жаңы алгоритм бүгүн, 11-февралдан тарта күчүндө.