Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирүү уланууда

Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирүү уланууда. “Электр станцияларынан” билдиришкендей, отун жеткирүү графикке ылайык аткарылып жатат. Кечээ 5 миң 300 тонна көмүр алынып келинди.

 

Эске салсак, кышкы сезонду ийгиликтүү өткөрүү үчүн ордо калаа ЖЭБине 1 миллиондон ашык кара отун  даярдоо пландалган, анын 400 миң тоннасы казакстандык компания жеткирип жатат. Бул максатта 1 миллиард 27 миллион сом жумшалган.