Ата-энеси чет өлкөдө иштеп жүргөн балдарды каттоо системасы иштелип чыкты

Ата-энеси чет өлкөдө иштеп жүргөн балдарды каттоо системасы иштелип чыкты. Бул тууралуу Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борборунун директорунун орун басары Алмаз Алыбаев билдирди.

 

Анын айтымында, автоматташтырылган электрондук системанын максаты мигранттарды жана алардын балдарын эсепке алып, мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү болуп саналат. Каттоо Migrant.kg сайты аркылуу жүргүзүлөт.