Адамдар короновирустан коргонуу үчүн башына желим бөтөлкө кийишти

Социалдык тармактарда коронавирустан коргонуу үчүн башына желим

бөтөлкө кийген кишилердин сүрөт, видеосу жарыяланды.

Сүрөттөр Ванкувер шаарындагы эл аралык аэропортто тартылган.

Вирустан мындай жол менен коргонуу дарыканаларда бет кап тартыштыгынан

жаралышы мүмкүндүгү айтылат. Башка кадрлардан Гонконг менен аба майданынын

жүргүнчүлөрүн көрүүгө болот. Видеодон адамдар 5 литрлик желим бөтөлкөнү башына кийип,

аба кирип туруу үчүн анын ооз жагын ачып койгону байкалат.