Япониялыктардын көбү Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарынын өткөрүлүшүн каалабайт


Япониялыктардын көбү Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарынын өткөрүлүшүн каалабайт.

Киодо агенттиги жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, калктын 39 пайызы Олимпиада такыр

өткөрүлбөсүн десе, 33 пайызы кийинкиге жылдырышын каалайт. Ал эми болгону 24,5 пайыз

япониялыктар оюндардын өтүшүнө каршы эмес. Сурамжылоо Токио, Киото жана Окинавада

чектөөлөр күчөтүлгөндөн кийин жүргүзүлдү. Белгилеп кетсек, Олимпиада оюндары

быйыл Токиодо 23-июлдан 8-августка чейин өтөт.