Өзбекстан бийлиги чет өлкөдө жүргөн акчасы жок жарандарына материалдык жардам берет

Өзбекстан бийлиги чет өлкөдө жүргөн акчасы жок жарандарына материалдык жардам берет.

Бул үчүн өзбекстандыктар дипломатиялык өкүлчүлүктөргө кайрылса болот. Өкүлчүлүк жарандын

арызын жана башка документтерин, чет өлкөдө жүрүү шартын текшерет. Арызы канааттандырылган

жаран өкүлчүлүк менен насыя келишимин түзөт. Тамак-аш, турак жай, кийим-кече жана транспорт

акысы төлөнүп берилет. Бирок Өзбекстан жараны алган сумманы республикалык

бюджетке 30 күндүн ичинде кайтарышы зарыл.