Россияда жумушсуз калгандарга жөлөк пул берилет

Россияда жумушсуз калгандарга жөлөк пул берилет. Президент Владимир Путиндин чечими менен апрель, май жана июнда ар бир адамга 12 миң 130 рублдан берилет.

 

Жарандар бул акчаны дистанттык негизде документтерин даярдап, тез арада алышы керек, — деди Путин. Ошондой эле ал өкмөткө паспорт, айдоочулук күбөлүк сыяктуу маанилүү документтердин мөөнөтү өтүп бара жаткан учурда автоматтык түрдө үч айга узартып берүү тапшырмасын койду.