Келе жаткан ишембиде окуучулар окушат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Андан такташкандай, 1-майдан 9-майга чейин өлкөдө эс алуу жарыяланып, мектептер иштебейт.
Бирок 4-жана 6-майдын ордуна 30-апрель жана 14-майга туура келген ишембилер окуу күнү болот.
Белгилеп кетсек, министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, кыргызстандыктар 1-майдан 9-майга чейин катары менен эс алат.