Кырызстандык балбан Акжол Махмудов Олимпиада оюндарында жарым финалга чыкты

Кырызстандык балбан Акжол Махмудов Олимпиада оюндарында жарым финалга чыкты.

Ал грек-рим күрөшү боюнча чейрек финалда азербайжандык Рафиг Гусейиновду утуп алды.

Махмудов 77 килограмм салмак категориясында кармашып, атаандашын 9:1 эсебинде жеңди.

Биздин балбан эми Олимпиаданын жарым финалында армениялык Карапет Чалян менен кармашат. Кошумчаласак, Токиодо Олимпиада оюндары 23-июлда башталган. Ага кыргызстандык 16 спортчу

жолдомо алган. Министрлер кабинети Олимпиададан алтын медаль уткан спортчуга 10 миллион сом, күмүш медалга 7 миллион, коло медалга 5 миллион сом сый акы убада кылган. Оюндар 8-августта жыйынтыкталат.